Кыргыз драма театрына Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту орнотулат. Сүрөт

© Фото / Александр ФедоровСоветтик театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева. Архив
Советтик театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Бюсттун автору жаш скульптор Тамила Маматова. Учурда Маданият министрлиги менен скульптордун ортосунда юридикалык документтер даярдалып жатат.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Советтик театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесине орнотулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры КРБюст советской актрисы театра и кино, заслуженной артистки Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаевой
Бюст советской актрисы театра и кино, заслуженной артистки Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Бюсттун автору жаш скульптор Тамила Маматова. Учурда министрлик менен скульптордун ортосунда юридикалык документтер даярдалып жатат. Шаардыктар драма театрдын реконструкциялык иши аяктаган соң бюстту көрө алышат. Аны орнотуу демилгесин Кыргызстандын театр ишмерлери бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулманбетов көтөргөн.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч. Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Ак Мөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.
Турсунбаева убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.
Актриса Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2019
Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант
Жаңылыктар түрмөгү
0