Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия ТИМи коопсуздук кепилдиги боюнча АКШга берген жообун жарыялады

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийРоссия ТИМдин имараты
Россия ТИМдин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Россия НАТОдон мындан аркы кеңейүүдөн жана альянска мүчө эмес мамлекеттердин аймагында аскерий базаларды жайгаштыруудан баш тартууну талап кылууда.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Москва АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливанга коопсуздук кепилдиктери боюнча Американын жообуна билдирүүсүн жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Коопсуздук келишимдери боюнча Россия АКШ менен биргеликте даярдаган келишимдин долбоорунун негизги элементтерине Америка конструктивдүү жооп бербегенин билдиребиз", — деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Кеп НАТОнун мындан аркы кеңейүүсүнөн баш тартуу, "Украина менен Грузия НАТОго мүчө болот" деген "бухарест формуласын" чакыртып алуу жана мурдагы СССРге кирген жана альянска мүчө болбогон мамлекеттердин аймагында аскерий базаларды жайгаштырбоо жөнүндө болуп жатканы айтылат.
"Эгерде Американын жана союздаштарынын биздин коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн бекем жана юридикалык жактан милдеттүү кепилдиктерди макулдашууга даярдыгы жок болсо, Россия жооп берүүгө аргасыз болот. Анын ичинде аскердик-техникалык мүнөздөгү чаралар да көрүлүшү мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Документте "Украинага кол салуу" болбогону жана андай нерсе пландалбаганы да белгиленген.
ТИМ 1994-жылдагы Будапешт меморандумунун алкагындагы Россиянын милдеттенмелери Украинанын ичиндеги жаңжалга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнүн жоголушу ички процесстердин натыйжасы экенин эске салган. Ошондой эле документте кырдаалды жөнгө салуу үчүн Киев Минск келишимдерин аткаруусу зарыл экени, ал эми Батыш өлкөгө курал-жарак ташууну токтотуп, инструкторлорун чыгарып кетиши керектиги белгиленет.
"АКШ менен НАТОнун Россиянын чек араларындагы аскердик активдүүлүгү күчөгөнү кооптондурат. Ошол эле учурда биздин коопсуздук боюнча "кызыл линияларыбыз" жана негизги кызыкчылыктарыбыз, Россиянын аларды коргоо боюнча суверендүү укугу мурдагыдай эле этибарга алынбай жатат", — деген ТИМ.
Кийинчерээк АКШнын мамлекеттик департаменти РИА Новостиге коопсуздук боюнча эки тараптуу диалогдун алкагында Россиянын катын алганын тастыктаган.
2021-жылдын аягында Россия АКШ менен НАТОнун макулдашуусунун коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Москва батыштан НАТОнун чыгышты карай кеңейишинен баш тартууну, Украинаны аталган блокко кошулуусун жана постсоветтик мамлекеттерге аскердик базаларды жайгаштыруудан алыс болуу талабын коюп келет. Андан сырткары, НАТОнун сокку уруучу куралдарын Россиянын чек арасына жакын жайгаштырбоо, альянстын күчтөрүн Чыгыш Европадан 1997-жылдагы позициядан чыгаруу туурасындагы пункт бар. Январдын соңунда АКШ, НАТОнун Россия тарап сунуштаган коопсуздук кепилдиги боюнча Москвага жазган жообун берген.
Украина аскери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев тараптан провокация башталды. Кремль Донбасстагы кырдаал тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0