Сөөктү бузган азыктар жана суусундуктар аталды

© Фото / Pexels/ Eren LiФастфуд жана газдалган суусундук. Архив
Фастфуд жана газдалган суусундук. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Адис санап берген азыктар жана суусундуктар сөөккө керектүү кальцийдин сиңишине жолтоо болот же "жууп" кетирип салышы мүмкүн.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Сөөктү бузган азыктар жана суусундуктар тууралуу "Аргументы и факты" сайтына менчик Травматология жана ортопедия клиникалык-диагностикалык борборунун бөлүм башчысы Юрий Костенко айтып берди.
Ал таяныч-кыймыл системасына, анын ичинде сөөккө кальций менен Д витамини өтө керектүү зат экенин белгилеген. Жаштын өтүшү менен жашоо образы туура эмес болгондо сөөктөр морт болуп, организмде олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Тамактануу режими бузулганда, ооз тынбай эле шам-шум эте бергенде же тез даярдалуучу тамактарды көп жегенде витаминдер менен минералдар жетишсиздиги жаралып, сөөк тканы ичкерип кетет.
Бөтөнчө фосфор кислотасын камтыган газдалган жана таттуу суусундуктар кооптуулук жаратат. Газдалган суусундуктар сөөктөн кальцийди "жууп" салат. Фастфуд жана кондитердик азыктардын курамындагы трансмайлар зыяндуу микрофлораны пайда кылып, сөөк тканына жооптуу К2 витамининин начар сиңишине алып келет.
Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Витамин жетпей... Эт жеп көнгөн киши андан баш тартса эмне болот
Жаңылыктар түрмөгү
0