Гепатиттин кооптуулугу ВИЧ/СПИДден да күчөп баратат. Дарыгердин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор Зуридин Нурматов: Вирус жыныстык жол жана кан аркылуу жугат. Оору жугары менен дароо билинбейт, адам бир жыл же андан көп убакыт өткөн соң гана симптомдорун байкай баштайт.
Профессор Зуридин Нурматов: Вирус жыныстык жол жана кан аркылуу жугат. Оору жугары менен дароо билинбейт, адам бир жыл же андан көп убакыт өткөн соң гана симптомдорун байкай баштайт.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, вирустук гепатиттин алдын албасак 2040-жылдары бул илдеттен көз жумгандардын саны кескин жогорулайт.
Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов өлкөдө вирустук гепатит өтө тездик менен өсүп бара жатканын айтты. Дарыгер соңку жылдары чет өлкөгө барып операция жасатууга каражат чогултуп жүргөндөрдүн көбөйгөнүн мисал келтирди.
Кыргызстанда боор рагы же циррозго кабылган учурда операция жасоо, органды трансплантациялоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан бейтаптар көбүнесе чет мамлекеттерге барууга аргасыз. Бул үчүн миңдеген доллар каражат талап кылынса, операциядан кийин калыбына келүү этабы да мүшкүл жаратат. Профессор учурда вирустук гепатитке кабылгандырдын саны кескин өсүп жаткандыгына токтолуп, бул көрсөткүч 2040-жылдары ВИЧ/СПИД же туберкулездон да кооптуу абалга туш болорун айтты. Бактыга жараша, илдеттин алдын алуунун да жеткиликтүү жолу бар экен.
— Зуридин Шарипович, соңку учурларда вирустук гепатит илдети келечекте кыргызстандыктарга чоң коркунуч алып келиши мүмкүндүгүн айтып келесиз. Деги эле бул эмне болгон илдет?
— Вирустук гепатит — боордун илдети. Анын А, В, С жана D түрлөрү бар. А түрү жаш балдарда кезигип, "кир колдун оорусу" деп аталат. Башкача айтканда, жеке гигиенаны сактабагандан улам пайда болот. Бирок ал гепатиттин башка түрлөрүнө караганда коркунучсуз, айыктыруу да оңоюраак. Ал эми вирустук гепаттин калган түрлөрү менен көбүнесе чоң адамдар жабыркайт. Учурда өзгөчө кооптуулук жаратып жатканы В жана С түрлөрү болууда. Вирус жыныстык жол жана кан аркылуу жугат. Оору жугары менен дароо билинбейт, адам бир жыл же андан көп убакыт өткөн соң гана симптомдорун байкай баштайт. Бул учурда көздүн агы саргайып, майлуу тамактарды жегенде сиңире албай кыйналып баштайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗуридин Нурматов: Абал ушу кезден колго алынбаса, анда биз 2040-жылдары вирустук гепатиттин коркунучтуу учуруна кептелебиз. Андыктан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, вакцинация улуттук эмдөө календарына кириши керек.
Вирусолог Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Зуридин Нурматов: Абал ушу кезден колго алынбаса, анда биз 2040-жылдары вирустук гепатиттин коркунучтуу учуруна кептелебиз. Андыктан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, вакцинация улуттук эмдөө календарына кириши керек.
— Абал канчалык кооптуу?
— Кооптуулук күч. Бул бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан коркунуч. Бирок өнүккөн мамлекеттер мындан коркпойт. Анткени аларда эмдөө улуттук программаларына киргизилген. Ал эми Кыргызстанда абал башкача. Бизде соңку жылдары боордун циррозу же рак оорусунан көз жумгандардын 90 пайызы — алгач гепатиттин В, С же D түрүнө кабылгандар. Башкача айтканда, вирустук гепатитке кабылган учурда адам бир канча жылдан кийин өлүмгө кабылат деген сөз. Бул көрсөткүч башка мамлекеттерде 60 пайызды түзөт. Бирок алар эмдөөнү киргизгендиктен жылдан-жылга азая берет. Ошол эле Өзбекстан, Казакстан же Россияда 15 жыл ичинде аталган коркунуч 50 пайызга төмөндөгөн. Анткени алар 15 жыл мурда вирустук гепатиттен коргоочу вакцинаны улуттук программасына киргизишкен, ар бир жараны милдеттүү түрдө мамлекеттин эсебинен эмдөөдөн өтөт. Бизде мындай программа жок. Ошондуктан илдеттин чоң адамдар арасында кооптуулугу күч бойдон калууда. Вирустук гепатиттен эмдөөнү учурда 2012-жылдан кийин төрөлгөн балдар гана алат. Ушул наристелерибизден деле эмдөөнүн эффективдүүлүгүн байкасак болот. Анткени 2012-жылдан кийин төрөлгөн балдардын арасында гепатиттин В, С, D түрлөрүнө кабылгандар жокко эсе, болсо да бирин-серин кездешип, алар учурунда эмдөөдөн өтпөй калгандар болууда.
— Сиздер бул статистиканы кантип аныктап жатасыздар? Абал мынчалык курчуп кеткенге чейин эмнеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келет?
— Бизде мамлекеттик кандайдыр бир программалар жок болгондуктан атайын изилдөө иштери же ооруну жуктуруп алуу боюнча санак жүргүзүлбөйт. Бирок республикалык СПИД борборунун маалыматына таянсак, алар 10 жылда 1 миллиондон ашуун адамдан анализ алышкан. Анын 4,6 пайызынан вирустук гепатит аныкталган. Ошондой эле Санэпидемкөзөмөл борборунун да маалыматтары бар. Ага ылайык, вирустук гепатитти жаңыдан жуктуруп алгандарга караганда өтүшүп кеткен формасындагылар ондогон эсе көп болуп чыгууда. Бул биз убагында вирусту аныктап, дарылабай жатабыз дегенди билдирет. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду да ушундай эле сандарды көрсөтөт. Кайрылган бейтаптын баары каттоого алынып, туура санак жүргүзүлөт.
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов
Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов
Дагы бир маселе бар. Ооруканага кайрылгандардын арасында жогоруда айтылгандай эле жаңыдан жуктургандарга караганда өтүшүп кеткен формадагылар көбүрөк. Алардын ооруканада дарылануу мөөнөтү да кыска. Себеби жанагы эле көрүнүшкө такалат. Илдет жаңыдан жуккан кезде аныктабайбыз, бейтаптарды буга милдеттендирген эч кандай система жок. Ал эми өтүшүп кеткен учурда аларга берилүүчү дарылар бизде жокко эсе. Ооруканалар бейтаптын өзүнөн талап кылгандыктан алар "мыйзамсыз базарга" кайрылууга аргасыз. Ачыгын айтканда, медициналык окуу жайларда окуган чет элдик студенттер керектүү дары-дармектерди ала келип, өлкө ичинде сатышат. Албетте, бул препараттар абдан кымбат. Дарттын өтүшүп кеткен формасын дарылоо жолго коюлбагандыктан ушундай көйгөй жаралууда. Операцияга жеткен учурда деле ушундай. Бизден жасалбагандыктан Түркия, Индия же Россияга барышат. Ал жактардан операция жасатуу кымбатка түшөт.
— Оорудан каза болгондорчу?
— Өзүңүз байкагандай, мен түз ушул илдеттен көз жумгандар тууралуу ооз ачканым жок. Маселенин баары ушул жерде. Вирустук гепатит өтүшүп кеткенде боордун циррозу же рагына айланат. Ушул илдеттерден каза болгондордун саны жылдан-жылга өсүүдө. Бейтап каза болуп калган учурда ага цирроз, рак же дагы башка диагноз коюлуп калып жатпайбы. Ал эми ошол ооруну жараткан вирустук гепатит тууралуу сөз козголбой калууда. Медицинанын тили менен айтканда, адам таптакыр башка илдеттен көз жумуп жатат. Жыйынтыгында вирустук гепатиттин кооптуулугу күчөп бара жатканын көрсөткөн сандар ачыкталбай калып жатат. Бул аталган дарт менен түз күрөшүүгө тоскоолдук жаратат.
Абал ушу кезден колго алынбаса, анда биз 2040-жылдары вирустук гепатиттин коркунучтуу учуруна кептелебиз. Андыктан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, вакцинация улуттук эмдөө календарына кириши керек. Азыр ВИЧ/СПИД жана кургак учук менен дүйнөлүк деңгээлде күрөшүү зарылдыгын, бул оорулардын кооптуулугун айтып келебиз. Вирустук гепатит да биздин өлкө үчүн мындан кем калбаган коркунуч жаратат. Учурда биз ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө карата алдыдагы жылдарга кабыл алынчу программага гепатитти да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Өнүккөн өлкөлөр үчүн бул илдет коркунуч жаратпайт, андыктан алардан ВИЧ/СПИДге каражат тартып келгендей донорлорду табуу да кыйынга турат. Башка мамлекеттердин өздөрүнө таасири тийбегенден кийин Кыргызстанда вирустук гепатиттин азайышына кызыгуу анча болбойт эмеспи, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан мамлекет өзү дагы кошуна өлкөлөрдөй жогорку деңгээлде көңүл буруусу учур талабы болуп турат.
© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор Зуридин Нурматов: илдет алардын жоопкерчиликсиз мамилесине табияттын жообу десек болот.
Руководитель Республиканского научно-практического центра контроля вирусных инфекций НПО Профилактическая медицина Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Профессор Зуридин Нурматов: илдет алардын жоопкерчиликсиз мамилесине табияттын жообу десек болот.
— Учурда республикада вирустук гепатиттен эмдөө кандай тартипте жүрөт?
— Менчик медициналык клиникаларда жасалып келет. Ошону менен катар эле биздин илим изилдөө борборубузда да азыркы учурда бар. Эмдөө үч этаптан туруп, менчик клиникаларда алдын ала алынган анализинин наркын кошкондо 1 800-2 000 сомдун тегерегинде. Биздин борбордо болсо анализи менен бирге 800 сомдой каражатка өтсө болот. Тилекке каршы, аймактарда вирустук гепатитке каршы мамлекеттик медициналык мекемелерде эмдөө азырынча жеткиликтүү эмес.
— Адамдар өздөрү алдын алуу иш-аракеттерин көрө алабы? Негизи эле вирустук гепатиттин дүйнө жүзү боюнча тез тарап кетишине эмне себеп болууда?
— Буга бир четинен адамдар өздөрү күнөөлүү. Башкача айтканда, илдет алардын жоопкерчиликсиз мамилесине табияттын жообу десек болот. Анткени вирустук гепатит жыныстык жол жана кан аркылуу жугат. Эки учурда тең бейтап өзүнүн саламаттыгына көңүл бурбай жатат. Жыныстык катнашка жоопкерчиликтүү карабагандыгы, бүтүн турган денесин кестирип түрдүү косметологиялык процедураларды жасатып жатышы оорунун жугуу коркунучун жаратат. Бул оору башка көпчүлүк вирустардай болуп жугар замат билинбейт. Ортодон бир жыл же андан да көп убакыт өтүп кеткен соң гана оорунун симптомдору байкала баштайт. Бул учурда кайсы жерден, качан жуктуруп алганын бейтаптар билбей да калат, өкүнүчтүүсү, вирусту алып жүргөн убагында башкаларга да жугузуп койгону болот.
Бул дарт боюнча элдин маалыматы аз болгондуктан көбүнесе жаш балдар кабылуучу А түрү кийин гепатиттин В, С же D формасына алып келет деген да жаңылыш түшүнүктөр айтылып калат. Вирустук гепатит эч убакта бир түрүнөн экинчисине өзгөрбөйт. Же болбосо бир түрү менен ооруган адам сөзсүз түрдө экинчисине да кабылат деген туура эмес.
Таманы жулунуп кеткен баланы бутка тургузуп… Алтын колдуу хирургдун видео баяны  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Таманы жулунуп кеткен баланы бутка тургузуп… Алтын колдуу хирургдун видео баяны
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч
Жаңылыктар түрмөгү
0