Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Депутат: №309 токтом бардык мыйзамдарга каршы иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, бул токтомдун түпкү максаты — акырында жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүү.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Фермерлер министрлер кабинетине кайра карап чыгууну сунуштаган №309 токтом бардык мыйзамдарга каршы иштейт. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн №309 токтомду талкуулоо боюнча тегерек столго катышты.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул токтомдун түпкү максаты — акырында жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүү.
"Бул токтом өзүнүн үстүндө турган мыйзамдар иерархиясына каршы турат. Жөнөкөй эле мисал, мыйзамдардын туу чокусунда турган Конституциянын 16-беренесине туура келбейт. Анда токойлор менен жайыттар эч качан менчикке берилбейт деп жазылып турат. Андан ылдыйкы мыйзамдарга дагы карама-каршы жактары көп", — деди депутат.
Ошондой эле ал элге каршы мыйзам экенин кошумчалады.
Эске салсак, фермерлер министрлер кабинетине № 309 токтомду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. Ал документ мамлекеттик фондудагы 270 миң гектар айыл чарба жерлерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүүнү карайт.
Эксперттердин көбү токтом социалдык жарылууга жана жакырланууга алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда. Себеби кеп майда фермерлер иштетип жаткан жерлер туурасында болуп жатат.
Sputnik агенттиги буга чейин чуу жараткан токтом тууралуу айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев жана мурдагы айыл чарба министри, легендарлуу парламенттин депутаты, аталган тармактагы эксперт Карыпбек Асанов менен маектешкен.
Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Радио
Байдылдаев: 222 миң гектардан ашык жер мамлекеттик фондго карайт
Жаңылыктар түрмөгү
0