Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр. Дикий Армандын энеси кыргыз элинен кечирим сурады

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстан менен Казакстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Дикий Арман каймана аты менен белгилүү болгон казакстандык Арман Жумагелдиевдин энеси кыргыз элинен уулунун жана өзүнүн атынан кечирим сурады.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Роза Жумагелдиева ортодо улут аралык нааразылыкты тутандырган, ортодо түшүнбөстүк жаралып кеткен окшойт деп түкшүмөлдөгөн. Аял болуп өткөн окуялар үчүн жүрөгү ооруп турганын айткан.

"Анын, өзүмдүн атымдан кечирим сурайм. Мындай ою жок эле, жүрөгүм ооруду. Кыргыз элин "мекенчил", "керемет калк" деп жакшы көрөр эле. Алланын буйругу чыгар, кыргыздын кызы – Айкөл Аликжан кызына үйлөнгөн, алар менен куда-кудагый болуп отурабыз. Ал мага тунгуч неберемди төрөп берди... куда миң жылдык, күйөө бала жүз жылдык дешет, пайгамбар күйөө баласын сыйлаган, ошондуктан сыйлап, кабылдап, кечирип, жакшы мамиледе бололу. Сиздерден өтүнөм", — деген Роза Жумагелдиева.

Эске салсак, Казакстанда январдагы болгон кандуу окуяларда Арман Жумагелдиев кыргыздар Алматыдагы дүкөндөрдү тоноп, мародёрлук кылды деп күнөөлөгөн.
Кайненесинин видеосун келини Айкөл Аликжанова өзүнүн социалдык баракчасына койгон.
"Бисмиллях деп кайненемдин сөзүн чыгарып жатам. Колдоп койгула", – деп жазган Аликжанова.
Ал жогорудагыдай постту чыгаруу мурда эле пландалып, аны күйөөсү (Дикий Арман – ред.) жок дегенде аудио менен таратууну көздөгөндүгүн, бирок кырдаал татаалдашып, ойлогондой болбой калгандыгын жазган. Тагыраагы, аудио жана видеону жазып чыгарууга (абактан - ред.) болбой тургандыгын түшүндүргөн. Күйөөсүнүн энеси Роза Жумагелдиева менен айткандарына толук кошуларын билдирген.
Белгилей кетсек, Дикий Арман деп таанылган белгилүү криминалдык авторитет массалык башаламандык уюштурууга шектелген. 7-январь күнү кылмыштуу топтун жети мүчөсү Алматы полициясынын атайын операциясы учурунда кармалган. Алардын арасында Жумагелдиев дагы болгон. Алардын курал-жарагы жана сооттолгон автоунаасы алынган.
Алматыда митингге чыккандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКМК: кыргызстандыктардын Алматыдагы башаламандыкка, талап-тоноого тиешеси жок
Жаңылыктар түрмөгү
0