Бишкектеги айланма жол мүрзөнүн үстүнө курулабы? Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Бишкектеги курула турган айланма жолдо мүрзө жайгашкан. Транспорт министрлиги маршрут кайсы жактан өтө турганын азырынча чече элек. Биз ошол жерди барып видеого тартып келдик.
Чүй облусунда шаарды айланган эки жол куруу (реконструкциялоо) пландалып жатат. Алардын бири Профсоюз көчөсүнүн уландысы болуп, Бишкек — Кара-Балта трассасынын жүгүн жеңилдетет. Бул жол жарандардын шаарга кирип-чыгышына ыңгайлуу болмокчу.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Сокулук районуна караштуу Новопавловка жана Военно-Антоновка айылдары аркылуу өтө турган жолдун курулушу быйыл башталат. Президентке схемасы көрсөтүлүп, долбоордун баасы 11 миллион доллар экени айтылган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Маселе жараткан жагдайлардын бири — жаңы курула турчу жолдо мүрзө жайгашкан. Анын долбоору менен "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту алектенип жатат.
"Профсоюз көчөсү Кустанайдан баштап Алматы — Бишкек — Ташкент (Бишкектин түндүк айланма жолу) жолуна кошулат. Узундугу — 8,5 чакырым. Туурасы — ажыратуу тилкеси менен 3,5 метр, төрт тилкелүү, тротуарлар бар. 2016-жылы мүрзө боюнча ар кандай варианттар каралган. Натыйжада түштүк тарап менен айланып өтүү оптималдуу чечим катары каралган. Ал эми түндүк жак менен өтө турганын салууда көптөгөн курулуштарды бузууга туура келип калат", — деди "Кыргызжолтрансдолбоор" ишканасынын кызматкери Улан Исаев.
Быйыл Транспорт министрлиги бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин позициясын билүү үчүн кат жолдогон. Анда мүрзөдөгү сөөктөрдү башка жакка көмүү мүмкүнчүлүгү бар-жогу боюнча суроо узатылган. Кийин Новопавловкада мындай сунушка каршы чыккандар болду.
"Алгачкы долбоордо жол мүрзөнү айланып өтөрү каралган. Кийин трасса түз эле кетсин деген сунуш түшкөн. Бирок көпчүлүк жергиликтүү тургундар каршы чыккандыктан Транспорт министрлигине мурдагы эле вариантты калтыруу оң болору тууралуу жооп жөнөтүлгөн", — деди айыл башчынын орун басары Нурлан Тургумбаев.
Мүрзөнү айланып өткөн күндө дагы көйгөй жаралууда. Себеби мында бир нече үйдү бузууга туура келет. Буга каршы чыккандар дагы бар.
"Ушул тамды 2008-жылдан бери араң салып бүттүк. Жаңы жашоо баштаганда бизди кайра козгойбу деп кыжалат болуп жашап келе жатабыз. Эгер биздин дагы аткаминерлердикиндей 2-3 үйүбүз болсо участокту жол үчүн берип коймокпуз. Компенсация боюнча бизге эч нерсе айта элек. Төрт балабыз бар, үйү жок калабызбы деп чочулап турабыз", — деди жергиликтүү тургун Айнура Калманбетова.
Башка жашоочулар мүрзөдөгү сөөктөрдү башка жакка көмүп, жолду түз куруу туура болорун айтып, айдоочулар үчүн дагы ыңгайлуу болорун белгилешүүдө.
Мүрзө 12 гектар жерде жайгашкан.
"Корсаков көчөсүндөгү мүрзө 12 гектар жерде жайгашкан. Анда мусулмандардын, православдардын (христиан) жана католиктердин сөөгү көмүлгөн. Мүрзө 1950-1960-жылдары ачылып, 90 пайызы толгон", — деди Новопавловканын айыл өкмөтү.
Транспорт министрлиги жолдун акыркы планын аныктай элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0