Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕАЭБге оң рулдуу автоунаа алып кирсе болобу? ЕЭК министринин жообу

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базары. Архив
Автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бирок бийлик буга макул болбой жатат. Ал эми айдоочулар демилгени колдоп чыгышты.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттерине оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов видеокөпүрө учурунда билдирди.
© Sputnik / Нина ЗотинаЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов
Министр по таможенному сотрудничеству ЕЭК Максат Мамытканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов
Ага "эгер мамлекеттин мыйзамдарында тыюу жок болсо, ЕАЭБ мамлекеттерине оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө болобу?" деген суроо узатылды.
"Бүгүнкү күндө биздин Биримдикте оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынган", — деп кыска жооп берди Мамытканов.
Ал бул боюнча башка эч нерсе айткан жок.

Маселенин чоо-жайы

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салуу маселесин көтөргөн. Ал ошондой эле бул боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканын айткан. Бир жумадан кийин анын кесиптеши Марлен Маматалиев документти коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, оң рулдуу автоунааларга башка унаадан "озуп өтүүдө" ыңгайлуу болушу үчүн жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында атайын монитору бар камера орнотуу талабы коюлган.
Министрлер кабинетинин төрагасы 15-февраль күнү бул демилгеге каршы пикирин билдирген. Анын айтымында, эгер уруксат берилсе Казакстан, Россия, Беларус жана башка мамлекеттердеги эски унаалардын баары Кыргызстанга толуп калат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов дагы буга каршы экенин билдирген.
20-февраль күнү Бишкекте оң рулдуу унааларды киргизүүнү колдогон 200гө жакын айдоочу чогулуп, кол топтогон.
Унаа базарындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Кызыл чеке кылган оң рулдуу унаалар: бийлик менен элдин пикири эки башка
Жаңылыктар түрмөгү
0