Бейшеналиев: 12 медициналык окуу жайды жабууну чечтик, калганын көрөбүз

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМедициналык академиянын китепканасында студент. Архив
Медициналык академиянын китепканасында студент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Министр бир айдын ичинде канча окуу жай жабылганы тууралуу так маалымат берерин убадалады.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин жаба турганын айткан 17 медициналык багыттагы окуу жайдын 12синин лицензиясы жокко чыгып жатканын айтты.
Парламенттин жыйынында депутат Нурлан Шакиев чынында эле медициналык университеттер акча жасоочу жай гана болуп калганын билдирди. Мындан улам: "17 окуу жайдын баарын жабууну аягына чыгасызбы же бай көпөстөр сизге пара берсе токтотуп коёсузбу, тандалма болуп калбайбы?" — деп сурады.
"Бүгүнкү күндө биз 12 медициналык окуу жайдын лицензиясын кайтарып алып жатабыз. Калган бешөөндө текшерүү жүрүп жатат, 1-апрелге чейин көрөбүз. Бир айдын ичинде 17нин канчасы калат, сиздерге маалымат беребиз", — деди Бейшеналиев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмесин жарыялаган.
Бейтаптын бөйрөгүнө операция учурунда дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Министр: бөйрөк, боор алмаштыруу операцияларын өзүбүздө жасоого акча бөлүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0