Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ Коргоо министрлиги: Украинанын абадан коргонуу каражаттарына бөгөт коюлду

© Sputnik / Владимир БарановРоссиянын Коргоо министрлиги. Архив
Россиянын Коргоо министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Министрлик Украинанын аймагында россиялык самолет атып түшүрүлдү деген маалыматты төгүндөдү.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык базасынын аскердик инфраструктурасынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Министрлик буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына эч кандай ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын кабарлаган. Ведомствонун маалыматына караганда, жогорку тактыктагы талкалоочу каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылды. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.
Украинанын аскердик чек ара кызматы "Россиянын бөлүмдөрүнө эч кандай каршылык көрсөтпөгөнү" белгиленди.
Министрлик Украинанын аймагында россиялык самолет атып түшүрүлдү деген маалыматты төгүндөдү.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден: АКШ союздаштары менен Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет
Жаңылыктар түрмөгү
0