Диетолог: таттууну көп жеген адамдын көрүүсү начарлашы мүмкүн

© Фото / Pexels / KoolShootersТаттуу кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Таттуу кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Дарыгер газдалган суусундукту башаламан иче берүү да диабет менен остеопорозго жеткирерин кошумчалаган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кумшекерди ашыкча колдонуу диабетке жеткирип, адамды сокур кылып коюшу ыктымал. Диетолог Михаил Гинзбургдун мындай эскертүүсү РИА Новостиге жарыяланды.
"Маселен, адам таттуу жегенин токтотпой, тескерисинче, көбөйтө берсе, убакыт өткөндөн кийин экинчи типтеги кант диабети өрчүп, көрүүсү начарлап, сокур да болуп калышы мүмкүн", — деди дарыгер.
Ал газдалган суусундукту башаламан иче берүү да диабет менен остеопорозго жеткирерин кошумчалаган.
Кофе жана сахар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0