30 жыл мурда суу алдында калган кыштактын азыркы абалы видеодо

Жазылуу
Испания менен Португалиянын чек арасындагы аймакта кургакчылык күч алып, суу сактагыч кургап кеткен. Кесепетинде 30 жыл мурда дамбанын алдында калган Асередо кыштагы сыртка "чыгып" калды.
Жеринде тартылган кадрларды RT телеканалы жарыялады.
1992-жылы кыштактын айланасына суу сактагыч курулуп, андагылар жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Азыр ал жерден үйлөрдүн урандыларын, автоунаа, фонтан жана жолдорду көрүүгө болот. 30 жыл бою суунун алдына жатканына карабай айрым нерселер сакталып калган.
Аны көргөн туристтер мында хоррор жанрындагы тасмаларды, кызыктуу сүрөттөрдү, видеолорду тартса болорун айтууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0