Нур-Султанда Акылбек Жапаров президент Касым-Жомарт Токаев менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушуу учурунда
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Жолугушуу учурунда Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушту. Иш-чарага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы катышканын өкмөттөн кабарлады.
"Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки экономикасын калыбына келтирүүнү талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Токаев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылууда.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Кыргызстан ЕАЭБге болгон тышкы басымга каршы чогуу күрөшүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0