Ысык-Көл айланма жолун жасоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолго асфальт төшөп жаткан жумушчулар. Архив
Жолго асфальт төшөп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Жол жасалса Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумуш орундары түзүлөрү кошумчаланды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Ысык-Көл айланма жолу (Корумду — Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 2-февралында кабыл алынган. Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча 2021-жылдын 12-июлунда Кыргызстан-Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун (Корумду айылы — Балбай айылы) 104-184.5 чакырымы реконструкцияланат.
Долбоордун артыкчылыктары:
Ысык-Көлдүн курорттук аймагы менен башка облус жана Казакстан, Кытайдын жол байланышын жакшыртуу;
ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл шакекчесинин жол жээгиндеги инфраструктурасын жакшыртуу;
өнөр жай өндүрүшүн жана айыл чарбасын өнүктүрүү;
Ысык-Көл шакегин Казакстандын жана Россиянын жолдору менен байланыштыруу.
Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аялдамаларды, жарыктандыруучу лампаларды орнотуп, көпүрөлөрдү реконструкциялап кеңейтүү, веложол жана тротуарларды куруу каралган.
"Жол оңдолсо билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтары аймактык рынокторго жеткиликтүү болуп, жолдо жүрүү убактысы кыскарат. Ошондой эле транспорттук каттам жана мобилдүүлүк жакшырып, жол жээгиндеги инфраструктура оңолот. Башкача айтканда, тамактана турган жаңы жайлар салынып, май куюучу, техникалык тейлөө станциялары жаңыланат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумуш орундары түзүлөрү кошумчаланган.
Жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
27-февралдан тарта Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөлө баштайт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0