Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?

© Sputnik / Табылды КадырбековБШК өкүлдөрү Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуштарды санап жатышат. Архив
БШК өкүлдөрү Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуштарды санап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Соңку шайлоодо Бишкектин Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Бул ирет шайлоочулар эл өкүлдөрүн тандашты.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектин эки шайлоо округунда добуштарды кол менен саноо аяктаганын БШКдан кабарлады.
Биринчи май округунан 25 талапкер ат салышты, алардын ичинен бешөө алдыга чыкты:
1.
Эльвира Сурабалдиева — 9 225 добуш (47.97%);
2.
Нурбек Тотонов — 3 544 добуш (18.43%);
3.
Нурбек Токтакунов — 1 068 добуш (5.55%);
4.
Баарына каршы — 935 добуш (4.86%);
5.
Тахир Мусаев — 736 добуш (3.68%).
© Фото / пресс-служба ЖКЭльвира Сурабалдиева
Депутат Жогорку Кенеша Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Эльвира Сурабалдиева
Бул округдан 19 322 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 17 пайызын түзөт.
Свердлов округунан дагы 25 талапкер жарышка чыгып, анын ичинен төмөнкү бешөө көбүрөөк добушка ээ болду:
1.
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 5 806 добуш (19.52%)
2.
Шайлообек Атазов — 5 383 добуш (18.10%);
3.
Аскар Алмаз уулу — 4 181 добуш (14.06%);
4.
Ирина Карамушкина — 3 041 добуш (10.23%);
5.
Элнура Алканова — 3 027 добуш (10.18%).
© Фото / Таалайгуль УсенбаеваАбдурахманхаджи Муртазалиев
Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Абдурахманхаджи Муртазалиев
Бул округдан 29 737 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 27.91 пайызын түзөт.
Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.
Результаты выборов обложка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Бишкектин эки округу боюнча ЖК шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
Жаңылыктар түрмөгү
0