Эсептик чен Кыргызстанда да өстү. Себеби

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Эсептик чен дээрлик 1,5 пайызга өстү. Соңку ирет мындай көрүнүш былтыркы жылдын башында болуп, анда 5тен 6,5 пайызга чыккан.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Улуттук банктын башкармалыгы 1-марттан тарта эсептик ченди (негизги ченди) 150 базистик пунктуга —10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алгандыгын билдирди.
Ошентип эсептик чен 8,5ден 10 пайызга чейин, дээрлик 1,5 пайызга өстү. Соңку ирет мындай секирик былтыркы (2021) жылдын башында болгон. Анда чен 5тен 6,5 пайызга чыккан.
Кыргызстандын экономикасы COVID-19дун жайылышына байланыштуу кризистен кийин калыбына келүүсүн улантып жатканы белгиленген. Жагымсыз эпидемиологиялык жагдайдын сакталышы менен катар эле дүйнөдө болуп жаткан геосаясий тобокелдиктердин өрчүшү тышкы чөйрөнүн өлкө ичиндеги экономикалык процесстерге, анын ичинде керектөө бааларына терс таасирин тийгизүүчү үстөмдүк кылган факторлордон болгону айтылган.
"Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк жана күйүүчү майга болгон баанын өсүшү таасирин тийгизип жатат. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жылдык мааниде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда өлкөдө келечектеги баа динамикасы көп учурда соода боюнча өнөктөш өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарынан көз каранды. Геосаясий тобокелдиктердин биздин региондогу бардык өлкөлөргө жалпы тийгизген таасирин эске ала турган болсок, Кыргызстандын соода жүргүзүү шарттары мында олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Аны менен катар геосаясий тобокелдиктердин курчушунан улам түзүлгөн дүйнөлүк финансы рынокторундагы белгисиздик өлкөгө кошумча инфляциялык басым жаратары белгиленген.
"Акча-кредиттик шарттарды күчөтүү цикли Улуттук банктын инфляцияга монетардык таасир тийгизген факторлорду бир калыпта кармап туруу жана тышкы экономикалык таасирлердин кесепеттерин азайтуу боюнча кабыл алган чараларынын негизинде улантылууда. Ошону менен бирге акча рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат. Банктар аралык рынокто кыска мөөнөттүү чендер өсүп жатат жана алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде калыптанган", — деп билдирди Улуттук банк.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Улуттук банк Кыргызстандагы инфляция боюнча божомолун айтты
Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү запастын көлөмүн көрсөтүүдө, бул финансы-банк системасында туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Банк системасы улуттук валютада жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмүнө ээ.
"Учурда Кыргызстандын экономикасынын глобалдуу экономикага интеграцияланышы биздин өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүгө кайтып келишине таасир берген тышкы тобокелдиктерди камтыйт. Мындай шартта Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты биринчи кезекте баа туруктуулугун кармап туруу үчүн жүргүзүлөт. 2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү — инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк тышкы экономикалык таасирлердин кесепетин азайтуу, инфляцияга монетардык таасир берген тобокелдиктерди бир калыпта кармап туруу жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн акча-кредит саясатынын бардык инструменттерин пайдаланууга жана зарыл ресурстарды колдонууга даяр экендигин билдирген.
"Улуттук банк тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет", — деп билдиришти аталган банктан.
Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи.
Эсептик чен — акча-кредит саясатынын инструменти, ал Борбордук банк тарабынан белгиленген пайыздык ченди түшүндүрөт жана экономикада акча ресурстарынын баасынын базалык көрсөткүчү катары кызмат кылат.
Экономикалык теорияда чен канчалык өйдө болгон сайын, коммерциялык банктар элге берген кредитине ошончолук жогору пайызды алып турары же тескерисинче болору айтылган. Эсептик ченди адатта инфляцияны төмөндөтүү үчүн коюшат, бирок аны менен катар эле экономиканын өсүү темпи начарлайт.
Эске салсак, кечээ, 2022-жылдын 28-февралында, Россиянын Борбордук банкы шашылыш түрдө Директорлор кеңешин жыйынга чогултуп, негизги ченди 9,5 пайыздан 20 пайызга чыгаруу чечимин кабыл алган.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Улуттук банктын валюта рыногундагы абал боюнча брифинги. Урунттуу учурлар
Жаңылыктар түрмөгү
0