Казакстанда Nur Otan партиясынын аталышы өзгөртүлдү

© AFP / STANISLAV FILIPPOVНур-Султанда бийликтеги “Нур Отан” партиясынын тарапкерлеринин жолугушуусу. Архив
Нур-Султанда бийликтеги “Нур Отан” партиясынын тарапкерлеринин жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул чечимди колдоп берди.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Башкаруучу партия Nur Otan "Аманат" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Партиянын аталышын өзгөртүү тууралуу сунуш саясий бирикменин бүгүнкү кезексиз съездинде сунушталган.
Казакстандын президенти, партиянын төрагасы Касым-Жомарт Токаев демилгени колдоого алган. Ал ошондой эле элдин биримдиги, кең талаасы ата-бабалардан калган аманат экенин белгилеген.
"Калкыбыз эч качан аманатка кыянаттык жасаган эмес. Партия ушул принципти бекем карманат. Ошондуктан мен партияны "Аманат" деп атоону толук колдойм", — деди Токаев.
Өлкө башчысы партиянын трансформациясы аталышты өзгөртүп коюу менен гана чектелбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, коомчулуктун талабына жараша толугу менен алмашууга тийиш.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Токаевдин чет жакта банк эсеби, кыймылсыз мүлкү барбы? Маалымат катчынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0