Министр Жаманкулов: айрым мамлекеттик телеканалдарды сатыш керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекеттик ЖМКларга жылына бюджеттен 9 миллион доллар сарпталарын белгиледи.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекетке караштуу гезит, сайт, радио жана телеканалдарды бириктирип чоң Медиа холдинг түзүп, айрымдарын жеке менчикке сатууну сунуштады.
Учурда парламентте КТРКнын макамын "улуттук канал" деп өзгөртүү мыйзам долбоору каралып жатат.
Эл өкүлү мамлекеттик ЖМКларга жылына бюджеттен 9 миллион доллар сарпталарын айтты. Анын ичинен КТРКга 400 миллион сом бөлүнөрүн белгилеп, бул телеканалды дагы сырткы башкарууга берүү маселесин көтөрдү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мындай идеяны жарым-жартылай колдой турганын билдирди.
"Мамлекеттин колунда турган кээ бир телеканалдарды сатыш керек деген позициябызды мурдатан бери эле айтып келебиз. "Бешинчи канал", "Пирамида" сыяктуу телеканалдарды жеке менчикке өткөрүүгө каршы эмеспиз. Бирок мамлекеттин саясатын жүргүзгөн бир телеканал болушу керек. Бул жерде маданият, спорт сыяктуу социалдык чоң функция бар. Ошолордун баарын көрсөтүп турушубуз абзел. Ошондуктан КТРК менен ЭлТР мамлекеттин колунда калганы туура", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал мамлекеттин колундагы бардык ЖМКларды бириктирүү долбоору иштелип жатканын кошумчалады.
Телевизор көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Облустук телеканалдар КТРКнын карамагына өтөт. Сунушталган мыйзам долбоор
Жаңылыктар түрмөгү
0