Эскертүү! Эртең Бишкектин борбордук бөлүгү 6 саатка жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери Бишкекте жол жабуу учурунда. Архив
Милиция кызматкери Бишкекте жол жабуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Салтанаттуу иш-чара саат 09:00дөн 10:00гө чейинки убакыт аралыгында башталат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Эртең, 3-мартта, Бишкектин борбордук бөлүгү беш саатка жабылат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине шаардык милициянын Патрулдук кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымына караганда, калаанын борбордук бөлүгү эртең мененки саат 06:00дөн 12:00гө чейин жабык болот. Бул күнү Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленет.
Жабыла турган көчөлөр:
Чүй проспектисинин Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү;
Эски аянттын Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү.
Салтанаттуу иш-чара саат 09:00дөн 10:00гө чейинки убакыт аралыгында башталат.
Ак калпак күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Ак калпак майрамы Бишкектин "Ынтымак-2" сейил багында өткөрүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0