Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды

© Sputnik / Роман Махмутов / Медиабанкка өтүүБириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы. Архив
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Документте бардык тараптар Минск келишимин аткарып, пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырык жасалган. Белгилей кетсек, бул резолюциянын милдеттүү юридикалык күчү жок.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Генералдык ассамблеясы Россияга Украинада күч колдонууну токтотуп, аскерлерин чыгарып кетүү талабы боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документте бардык тараптар Минск келишимин аткарып, пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырык жасалган. Белгилей кетсек, бул резолюциянын милдеттүү юридикалык күчү жок.
Резолюцияны 141 мамлекет колдоп, бешөө каршы чыкты. Макулдугун бербегендер: Россия, Беларусь, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея. Кыргызстан жана Кытай, Казакстан, Өзбкестан сыяктуу 34 өлкө добуш берүүдөн карманышты.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушуга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүп жатат.
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду: Украина тарап Беларуска эртең менен жетет
Жаңылыктар түрмөгү
0