Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстандагы туризм банкрот болуу алдында турат! Адистер бийликке кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү пляж. Архив
Ысык-Көлдөгү пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Глуховеровдун айтымында, туристтик сферадагы абал өтө оор болуп жатат. Быйыл дагы туристтердин агымы көп болбой турганы белгиленди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын туристтик тармагына азыркыдай оор кырдаалда мамлекет кандай колдоо көрсөтө аларын Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров айтып берди. Ал "Туризм тармагы банкротко учурайбы? 2022-жылдагы турсезондук бизнес" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Анын айтымында, өлкөнүн туризм тармагы дээрлик эки жылдан бери банкротко учуроо алдында турат.
© Sputnik / Асель СыдыковаТуроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров
Президент Кыргызской ассоциации туроператоров Сергей Глуховеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров
"Ысык-Көл эле эмес, республиканын бардык аймактарында туристтер үчүн мейманканалар курулган. Алар эки жылдан бери алыскы чет өлкөлүк туристтерди күтүп отурушат. Кээ бири жабылса, айрымдары эми жабылганы жатат. Абал оор. Быйыл дагы туристтердин агымы көп болбойт", — деди ал.
Глуховеров бул тармактын өкүлдөрү мамлекетке кандай сунуштар менен кайрылып жатканын айтып берди. Кыргыз туроператорлорунун ассоциациясы биринчи кезекте Экономика министрлигине салыктык коюмдарды төмөндөтүүнү суранып кат жолдогон.
"Катта салыктык коюмдарды төмөндөтүүнү, башкача айтканда, накталай эмес төлөмдөргө эки пайыз, накталай төлөмдөргө төрт пайыздык чекти белгилеп берүүнү суранып жатабыз. Ошондой эле баштапкы төлөмдү алып салуу сунушталды. Себеби кошумча нарк салыгындагы (КНС) сумма кызматтарды кымбаттатып жатат. Мындан тышкары, биздин субподрядчылар, мисалы, анча чоң эмес мейманканалар менен айдоочулар КНС төлөөчүлөргө кирбейт. Ошондуктан биз бул төлөмдөрдү ала албайбыз. Натыйжада баалар өсүүдө, биз болсо атаандаштыкка туруштук бере албай калып жатабыз", — деди ал.
Глуховеров, экинчиден, ассоциация транспорт каражаттарын бажыдан өткөрүүдө колдоо көрсөтүүнү суранып жатканын айтты.
"Азыр биз транспортту бажыдан өткөрүү үчүн 20 пайыз жана КНС үчүн 12 пайыз төлөп жатабыз. 100 миң долларга жаңы автобус сатып алуу үчүн 32 миң доллар төлөш керек. Компания же айдоочу чыгымын актаганча автобус эскирип калат", — деди эксперт.
Анын айтымында, Өзбекстан туристтик максатта транспортту бажыдан өткөрүү төлөмүн үч пайызга түшүрүп койгон. Ал эми Казакстанда автобус баасынын 25 пайызын мамлекет субсидия катары берет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БАЭге расмий сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Казакбаев БАЭге визасыз режимге өтүүнү сунуштады. Көтөрүлгөн маселелер
Адис үчүнчү аспект катары котормочу-гиддерди сертификациядан өткөрүү боюнча жаңы мыйзамды атады.
"Автобус менен өлкөнү кыдырган туристтерди гиддер алып жүрөт. Эгер гиддер үчүн сертификацияны киргизсек биз кадрсыз калабыз. Пандемияга чейин туркомпаниялар адис издеп, бири-бири менен телефон чалышып калышчу. Мисалы, Бишкекте 200 жана туристтик шаарлардын ар биринде 20дан туркомпания бар. Демек, бизге өлкөнү түрө кыдырган 300-500 гид керек. Эгер туристтердин агымы күчөсө, эки эсе көп гид керектелет", — деди Глуховеров.
Адис гиддерди даярдаш үчүн бардык жакка курстарды ачуу өтө оор тапшырма экенин, мындан улам коррупцияга жол ачылып, сертификаттар сатылып калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
"Азыр биз гиддерге чалып жатабыз. Жарымынан көбү башка туруктуу ишке орношуп алганын айтышты. Алар "эки жыл иш күттүк, биздин дагы бага турчу үй-бүлөбүз бар" дешти. Кышкысын лыжачылар гиддин кызматын колдонушпайт. Натыйжада гиддер үч эле айга иш менен камсыздалып жатат. Ушул үч ай үчүн университет же курсту аяктоо керекпи? Адамдар андан көрө кесибин алмаштырып, башка ишке орношуп алуу оң болорун айтып жатышат", — деди ал.
Сертификация сыяктуу кескин чараларды көрөр алдында алгач бардык шаарларда окутуу базаларын түзүү керектиги белгиленди.
Төртүнчү өтүнүч — өлкө боюнча жарнаманы күчөтүү. Адистин айтымында, жайкы жана кышкы туризмден сырткары Кыргызстанда башка мамлекеттер менен биргелешкен күзгү жана жазгы багыттар бар.
"Өзбекстан менен комби-турларды уюштурууга болот. Финансылык көз караш менен караганда, туристтерге дароо эки өлкөгө келген ыңгайлуу. Мындай учурда ошол эле айдоочулар, мейманканалар, бүркүт таптагандар үч эмес, тогуз, керек болсо 12 ай иштеп калышы мүмкүн", — деди ал.
Глуховеров туристтик тармактын өкүлдөрүнүн суранычын бийлик угат деп үмүт артарын билдирди.
Улуттук кийим кийген кыздар жана эне. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Кыргызстанда биринчи жолу "Кыргыздардын салттуу кийими" фестивалы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0