Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Элмурат уулу: ислам дини билим алууга эч кандай чектөө койбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековТеолог Элмурат Кочкор уулу
Теолог Элмурат Кочкор уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Теолог Элмурат Кочкор уулу салттуу исламда светтик билимдерге эч кандай чектөө киргизилбегенин айтты.
Эгер Мухаммед пайгамбардын жашап өткөн доорун ислам дүйнөсүнүн түзүлгөн мезгили деп ала турган болсок, ошол учурда эле пайгамбар өзү математика, астрономия, биология жана башка билимдердин окутулушуна кызыкдар болгон. Бул тууралуу Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Элмурат уулу: ислам дини билим алууга эч кандай чектөө койбойт
Анын айтымында, азыркы учурда шарияттын эрежелери менен жашаган адамдар светтик билимдерди албай койсо болот деген түшүнүк чоң жаңылыштык жана Куранда мындай деп айтылган эмес.
"Калк арасында Куранда окуу, билим алуу тууралуу көп айтылат экен, алгачкы аяты "оку" деп түшкөн экен деген кептер айтылганы менен негедир билимдүү болууда, тескерисинче, азыркы коомдо артка кетип жаткандайбыз. Бул багытта ар кандай ача пикирлер айтылып, диний багытта гана билим алуу керек, ал эми бул жашоодо керектелүүчү тармактар боюнча илим албай, билимдүү болбой деле койсо боло берет деген пикирдин ээлери жаралып жатканы өкүнүчтүү. Куранда диний илим алуу же светтик билимди албай коюу, тыюу салуу боюнча айтылбайт. Тескерисинче, Куран билимдердин бардык түрүн алууну колдойт. Буга көптөгөн аяттарын мисал келтирсек болот. Ал тургай пайгамбарыбыз Мухаммеддин "төрөлгөндөн кабырга чейин билим ал", "мусулман илимди каерден тапса, ошол жерден алсын" деген хадистерин көпчүлүк билет. Тарыхый мисал катары 750-жылы түптөлгөн аббасид доорун алалы. Анда омайиддерди кулатып, бийликке келген аббасиддер ошол кездеги арабдардын илим, билим, цивилизация жагынан башка элдерге салыштырмалуу артта калганын аңдап, дүнүйөнүн төрт бурчунан түрдүү тилдеги илимий китептерди алдырып, арабчага котортушкан жана аны турмушта колдонушкан. Ислам дининин түрдүү улуттарга жайылып, гүлдөп-өнүккөн доору да ушул болгон эмеспи. Алар дал ушул Курандын илим, билим жөнүндө жазылган аяттарын туура түшүнүп жана колдоно билишкен. Ал эми азыр биз XXI кылымда жашап жатып дагы бул маселени талкуулаганыбыз артка кетип калганыбызды айгинелейт", — деди Элмурат уулу.
Теолог ошондой эле ислам дининде кыз, эркегине карабай билим алып, илимдүү болууга бирдей укуктуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0