Сурамжылоо жүргөн жок! Улуттук банк 50 миң сом тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Башкы банктан билдиришкендей, учурда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 50 миң сом сый акы берилет деген маалымат тарап жатат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуттук банк кыргызстандыктарга кайрылып, учурда эч кандай сурамжылоо жүрүгүзбөгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, учурда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 50 миң сом сый акы берилет деген маалымат тарап жатат.
"Бул жалган кабар. Башкы банктын атынан күмөндүү даректер аркылуу билдирүүлөр келсе, аны ачпай туруп өчүрүп салгыла. Башкаларга дагы жибербегиле. Шылуундар мындай жол менен жеке маалыматтарды алып, банктык эсебине кирүүгө аракет кылууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле банктык картага тиешелүү жеке маалыматтарды эч кимге бербөө керектиги эскертилди. Мисалы, картанын ПИН-коду, жарактуу мөөнөтү, CVV/CVC коддор (картанын арты бетиндеги үч цифралуу) жашыруун маалымат болуп эсептелет.
Банк карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Банк картасындагы кайсы маалыматтар сыр бойдон калышы керек? Юристтин кеңеши
Бишкектеги доллардын курсу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Бишкекте доллар 98 сомго чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0