Украина ӨКМи: Запорожье АЭСинин аймагында имарат күйүп жатат

© Sputnik / ФалинЗапорожье АЭСи. Архив
Запорожье АЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Ал арада МАГАТЭ АЭСтеги маанилүү жабдууларга өрт жетпегендигин кабарлаган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Запорожье АЭСинин беш кабаттуу окуу-машыгуу имараты күйүп жатат. Бул туурасында РИА Новости Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматына шилтеме кылып кабарлады.
Соңку маалыматта жалын беш кабаттуу окуу-машыгуу комплексинин 3, 4, 5-кабатында экендиги айтылган.
Запорожье АЭСиндеги алты блоктун бирөө иштеп жатканы, станцияда өрткө каршы абал нормада экендиги маалымдалып, куткаруучулар аны өчүрүүгө киришкени да белгилүү болду.
Ал арада МАГАТЭ АЭСтеги маанилүү жабдууларга өрт жетпегендигин кабарлаган.
"Украина МАГАТЭге Запорожье АЭСиндеги жалын "негизги" жабдууларга тийбегендигин, станциянын кызматкерлери анын кесепетин азайтуу аракетин көрүп жатканын айтышты", — деп билдирген агенттик.
Украинанын өзөктүк жана радиациялык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекторунун милдетин аткаруучу Олег Кориков "Рада" телеканалынын эфиринде Запорожье АЭСинде өзөктүк жети түзүм, өзөктүк алты энергоблок жана өзөктүк кампа бар экенин айтып берди. Анын маалыматына караганда, №1 энергоблок оңдоо үчүн калтырылган, №2 жана №3 коопсуз болуп токтотулган, №4 иштеп жатат, №5 жана №6 резервге коюлган, аларга эч кандай кооптуулук жаралбайт.
Түндө Запорожск АЭСинин маалымат кызматы станциянын аймагында өрт чыкканын кабарлаган. "Энергоатом" (Украинада иштеген бардык АЭСтердин операторлору) Запорожскинин аскердик администрациясынын башчысы Александр Старухка шилтеме кылып, өрт өчүрүүчүлөр АЭСке киргендигин билдирди.
Россиянын жана Украинанын мамлекеттик желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: орустар менен украиндер — бир эл, мен мындан эч качан баш тартпайм
Волк в лесу в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2019
Алаамат болгон Чернобылди байырлаган бугу, карышкыр, кундуз... Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0