Эми мигранттар да балдарын 1-класска аралыктан каттай алат. Шарты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСалтанаттуу линейкадагы окуучулар. Архив
Салтанаттуу линейкадагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Белгилей кетсек, быйыл баланы мектепке электрондук каттоо 11-апрелде башталат.
БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik. Быйыл чет өлкөдө жүргөн мекендештер кайсы мамлекетте болбосун баласын Кыргызстандагы мектептердин бирине электрондук негизде каттай алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов билдирди.
Ал мектепке электрондук каттоо боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курган.
Маматов мындай мүмкүнчүлүк буга чейин мигранттарда болбогонун белгиледи.
"Эгерде башка мамлекетте жүргөн мигрант Кыргызстандын эле жараны болсо, анда электрондук каттоону башкалар сыяктуу эле толтурат. Баласын өзүнүн паспортто жазылган жериндеги мектепке берем десе 1-этап менен катталат. Эгер район, мектеп тандайм деп калса экинчи этапты күтөт. Кокус чет жакта жүргөн мекендеш ошол өлкөнүн жарандыгын алса, бирок баласы Кыргызстанда болсо, анда баласын электрондук каттоодон аны карап жаткан мыйзамдуу өкүл өткөрөт", — деди адис.
Белгилей кетсек, быйыл баланы мектепке электрондук каттоо 11-апрелде баштала турган болду. Анын жол-жобосу боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын материал даярдаган.
ЖРТ тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Быйыл онлайн өтөт! Кыргызстанда 2022-жылы өтө турган ЖРТга каттоо башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0