Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россияны колдогон Белграддагы он миңдеген митингчилердин видеосу

Жазылуу
Белградда 10 миңге чукул сербиялыктар Россияны колдоо үчүн митингге чыкты. Алар "Косово — Сербия, Крым — Россия!" деп ураан салышкан.
Бул туурасында RT маалымдап, видеосун таратты.
Көчөгө чыккан он миңдеген митингчилердин арасынан көптөрдүн Россиянын желегин көтөрүп алышканын байкоого болот. Андан сырткары, Украинада денацификация жана демилитаризация кылган атайын операциянын белгисин билдирген транспаранттарды да кармап чыгышкан. Ал жердегилердин "Косово — Сербия, Крым — Россия!" деп кыйкырып турганын көрүүгө болот.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Тема боюнча:
Россия Украинада тынч режим жарыялады
Россия менен Украина чек арасын кайтарган РФ тик учактары. Видео
Донбасс геноцидине 8 жыл көз жумуп келгенсиңер. Путин Шольц менен сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0