Акча топтой албай жүргөнүңүздүн себебин билесизби? Түшүндүрмө жана кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Оор убакты оңой жеңип, келечекке ишеним менен кароого коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы жардамга келет.
Sputnik Кыргызстандын колумнисти акча топтоого тоскоол болчу адаттарды тизмектеп, аларды жоюуга кеңештерин сунуштайт. Чогулган каражат оор убакты жеңгенче жана жеке каржы жагдайы турукташканча чоң көмөк болгонун да жашырган эмес. Анткен менен баары эле тыйын-тыпыр топтоону биле бербейт, андайды автор да башынан өткөргөн. Бул жолку материалында колумнист анын себептерин келтирди.

Каржылык жаздыкчанын зарылдыгынан кабарыңыз жок

Көп жылдар бою өзүнчө бир каражат сактап коюунун маанисин аңдай албаптырмын. Жаштык кылып көңүлдүү кече, модалуу кийим же жаңы чыккан гаджет өңдүү ошол курактагы маанилүү нерселерге жумшай турган акчадан ажыратып койчудай туюлчу.
Анан да 30 жашка чейин мени кандай кыйынчылык тоорусун, андайга сактоонун кажети эмне деп кол шилтечүмүн. Бирок жеке каржы багытындагы адабияттарды барактап, дасыккан адамдар менен баарлашуу бул туурасындагы көз караштарымды өзгөрттү.
Натыйжада төмөнкүдөй бүтүмдөргө келдим:
жалгыз киреше булагыңыз – маянаңыз, ал эми ай сайын айлык алчу жумуштан чыгып калдыңыз дейли. Же бир бурчта каткан, же банкка салган акчаңыз жок. Андайда жан багуу үчүн биринчи тапкан, бирок көңүлүңүз чаппаган бир ишке макул болууга туура келет. Болду-болбоду маянасы да аз, андан улам турмуш деңгээлиңиз да төмөндөй түшөт;
ден соолук көйгөйү — ар бир кыргызстандык бизде медицина акысыз деп атоого болбостугун тастыктаса керек, дарылануу да капчыкка бир топ күч келтирет. Сактап койгон тыйыным өзүм сыркоологон маалда да, жакын адамым илдетке кабылганда да керекке жараган;
турак жай жана автонун күтүүсүз ремонту — бул да бир кыйла акча;
турмуштук бурулуштарда – үйлөнгөнүмдө да топтогон акчам бир топ жагын жапкан.
Ушул өңдүү чыгымдар кимдин гана башына келбейт, бирок андай убакта ажат ачар акча табылышы арсар. Карызга алсаңыз да кайтарар маалы бар. Башкача айтканда, чогулткан тыйыныңыз – өзүңүздөн аяп койгон эмес, кыйын күндө куткарар же чоң чыгым чыкканда жеңилдик берер каражат.
Эртеңки күнгө ишенимди куру кыялдар же өспүрүмдүк максимализм эмес, улам аз-аздан сактаган акчаңыз бекемдей турганын эстен чыгарбаңыз.
Сом жана долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп

Акчанын суммасын аныктаган эмессиз

Эгер тыйын топтоонун зарылдыгы кандай экенин аңдаган болсоңуз, эми анын өлчөмүн так белгилеп алуу абзел. Так бир суммадагы кандайдыр максат болбосо акча чогултуу кыйын.
Адатта белгилүү бир убакыт аралыгында көнгөн деңгээлде жашоого жетерлик суммада сактоого кеңеш беришет. Айрым эксперттер үч ай десе, арасында эки жылдык мөөнөттү атагандар да кездешет.
Башкысы — максат коё билүү зарыл, ошондо каражат топтой аласыз. Кайра эле өзүмдүн мисалымдан келтирейин. Ушунча киришкен соң "көп" чогултушум керек дечүмүн. Бирок сумманы аныктап алганымда гана бул иш жүрүшкөнүн баса белгилейин. Ошентип 30 миң сомго токтолдум, акырындап көбөйтө бердим.

Ар айда адатка айлантпайсыз

Бул айда жарым маянаңызды бөлүп, эмки айда таптакыр салбай койгон болбойт. Антсеңиз коопсуздугуңуздун каржылык жаздыкчасы "калыңдайт" деңизчи, бирок жай жана бир кылка топтолбойт. Андан көрө бюджетиңизге көп күч келтирбегендей чакан сумманы ченеп алуу дурус. Анан да тапканыңыздын өтө чоң бөлүгүн сактап койсоңуз, чыгымдарыңызды кескин кыскартуу акча топтоо далалатыңызды солгундатат. Ошол себептен ырааттуулугун бузбай, ченеминен ашырбай же кемитпей чогулткан оң.

Акчаңыз оңой жерде катылуу

Акча топтоого белсенип, дагы бир банк картасын ачып койгом. Бирок топтогонум эки-үч аптадан эле ашпай койду. Анткени күтүлбөгөн жагдайлар чыга берип, ал картадагы акчалар да калбай калат. Эмнеге сарпталганын деле эстеш кыйын. Демек, жарытарлык оокатка жумшалбаганы айдан ачык.
Ошондуктан депозит ачып, эми акчаны ала калыш бир аз кыйындады. Анткен менен чындап зарыл болгондо депозитти буздуруп, акчаны алуу татаал деле эмес. Сакталуу турганынан башка аманаттын дагы бир артыкчылыгы – пайыздары. Бирок мөөнөтүнөн эрте буздурсаңыз, пайыз кошулбай калат.
Досторумдун бири акчаны үйүндө, бирок чет элдик валютада кармоону туура көрөт. Алмаштыргысы келбейт, ошондуктан четинен "кертилбей" сакталуу бойдон турат. Башка жолдору да жок эмес, мисалы, алтын куймалары жана башка. Каржылык тартипти катуу сактай албасаңыз, буларды да көңүлгө түйө жүрүңүз.
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Пенсияга деп топтогон каражатты ипотека үчүн пайдаланууга болот. Шарты

Бюджетиңизди туура эмес жүргүзөсүз

Чыгымдарыңыздын баары, анын ичинде күтүүсүздөрү да так жазылбаса, чогултуп жүргөн тыйыныңыз короду дей бериңиз. Дайымкы чыгымдар (батир, коммуналдык кызмат акылары, азык-түлүк, түшкү тамак) менен катар күтүлбөгөн иштерге да азыраак каражат бөлүп койгон оң. Анткени туулган күн кечелерине чакыруулар, такси же кайсы бир буюмду сатып алуу зарылдыгы чыгып калышы ыктымал.

Арткан гана тыйынды сактамай

Маяна которулары же колуңузга тиери менен дароо белгиленген сумманы бөлүү керек. Каржылык сабаттуулук боюнча бардык кеңештерде: "Адегенде өзүңө төлө", – деп айтылат эмеспи. Алыстан мисал издөөнүн деле кереги жок, мурдагы макалаларымда баяндаган тажрыйбаларымдан кайталап айтып берейин.
Бир нече аманат ачып, экөөнө бирдей суммада акча салгам. Биринчиси эки жылда, экинчиси сегиз айда толукталган. Карыздарымдан кутулуп, ата-энеме жардам берип, алчумду алып, өзүмдү канааттандырган соң арткан акчаны банкка салыш мен үчүн азап эле. Ошондуктан биринчи аманат качан гана тартипти катуу сактаганымда гана толукталчу. Ал эми андай өтө сейрек кездешер эле. Экинчи учурда депозитти толуктамайынча айлыгымдан бир тыйын да сарптачу эмесмин.

Чыгымдарыңызды көзөмөлдөө адатыңызда жок

"Сага айтыш оңой, кыязы, ашыкча акчаң бар окшойт. Ал эми биздин айлыгыбыз айдан-айга өп-чап жетет", — дейт чыгарсыз. Айтканыңызда калет жоктур, бирок терең карай келгенде андай эмес. Акча топтоодо эксперттердин көпчүлүгү эки кеңеш беришет: кирешеңизди арттырып, чыгымдарыңызды кыскартыңыз.
Эгер кошумча каражат табуу татаал болсо, анда ар бир айдагы чыгымдарга көз салып, акчанын бир бөлүгү болбогон эле нерселерге жумшаларын аңдайсыз. Мынакей, коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы үчүн резерв ушул.
Банктык карталар жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Картасында кешбэги бар жана калдыкка пайыз кошкон банктар. Быйылкы маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0