Эски достор октагондон маселе чечишти. UFC 272 турниринин кызыктары видеодо

Жазылуу
las-vegas-ufc-kovington-masvidal-video
Лас-Вегаста миллиондогон көрүүчү күткөн UFC 272 турнири өтүп, кеченин башкы беттешинде эски достор Колби Ковингтон менен Хорхе Масвидаль күч сынашты.
Бир нече жыл мурда Колби менен Хорхе American TopTeam залында бирге машыгып, башка учурларда дагы ынак болуп жүрүшчү. Кийин экөөнүн мамилеси сууп кеткен. Буга Масвидалдын досун "сараң, митаам" деп аташы себеп болгон. Ковингтон жооп катары экөөнүн ортосунда болгон жагымсыз окуяларды эске салган. Ошондон бери алар ит-мышыктай кармашып келе жатат. Экөө соцтармактан кайым айтыша баштаганда Дана Уайт аларды октагондон жолуктурууну чечкен.
Спортчулар башта айтылгандай эле беш раунд толугу менен кармашып, аягында Ковингтон калыстардын чечими менен жеңүүчү болгон.
UFC 272 турниринин алкагында россиялык мушкер Умар Нурмагомедов америкалык Брайан Келлехерди биринчи раундда муунтуу ыкмасы менен уткан.
Турнирдин эң кызыктуу учурларын видеодон кененирээк көрүңүздөр.
Жаңылыктар түрмөгү
0