Баа өсүп жатат! Кыргызстандын унаа базарындагы абал

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын базардагы наркы менен тааныштырып келет. Бул жолу эң көп айдалган автоунаалардын баасы 2022-жылдын февралынан тарта мартка чейин кандай өзгөргөнүн билдик.
Инфографикада өтүмдүү делген 15 машинанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу кандайча өзгөргөнү көрсөтүлдү.
Кыргызстандыктардын арасында популярдуу автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Toyota Camry;
Daewoo Nexia;
Honda Fit;
Honda CR-V;
E-класстагы Mercedes-Benz;
Daewoo Matiz;
5-сериядагы BMW;
Volkswagen Passat;
Honda Accord;
Honda Odyssey;
Lexus RX;
Hyundai Sonata;
Lada 2107;
Toyota Prius;
Toyota RAV4.
Материалда жылы боюнча популярдуу унаалардын саны берилди. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарында көрсөтүлгөн бааларга карап жасалды.
Унаалардын наркы доллар менен көрсөтүлдү. Бааларга биринчи анализ 18-февралда Улуттук банктын курсу боюнча жүргүзүлгөн, анда доллар 84,7 сом болчу. 4-мартта доллар 98 сомго жогорулаганы маалым. Өлкөдө унаа базарда доллар менен сатылат, ушундан улам машиналардын кымбаттаганын болжолдоого болот.
Маселен, 5-сериядагы BMW, Honda CR-V, E-класстагы Mercedes-Benz автокөлүктөрү 100-500 долларга көтөрүлгөн.
Ал эми Daewoo Matiz, Volkswagen Passat, Honda Accord 200-500 долларга арзандаган.
Баса, биз мында сатуучулар тарабынан коюлган бааларга карап эсеп жүргүздүк. Демек, бул акыркы нарк болуп саналбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0