Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россияда TikTok ишин чектеп, Netflix жабыла турганын билдирди

© REUTERS / MIKE BLAKEКытайдын TikTok социалдык тармагы. Архивдик сүрөт
Кытайдын TikTok социалдык тармагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Социалдык тармак коопсуздукту камсыздоо үчүн ушундай кадамга барганын айткан.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кытайдын TikTok социалдык тармагы Россияга жаңы контентти жана түз эфирлерди таратууну токтото турганын билдирди. РИА Новости буга "фейктер" жөнүндө кабыл алынган мыйзам себеп болгонун жазууда.
4-март, жума күнү, РФ президенти Владимир Путин Россия армиясын дискредитациялап жана өлкөгө каршы санкцияларга үндөгөн фейк маалыматтарды тараткан адамдарды кылмыш жазасына тартуу же ири суммадагы айыпка жыгуу боюнча мыйзамга кол койгон.
"Биздин эң башкы приоритетибиз кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугу болуп саналат. Россияда "фейк жаңылыктар" жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин бизде башка тандоо калган жок. Андыктан түз эфирге чыгуу жана биздин видеосервиске жаңы контент жүктөөгө чек коёбуз. Биз мындай кылбасак кесепети тиет деп жатабыз. Ал эми кат алмашуу кызматы адаттагыдай иштей берет", — деп билдирген компания.
Мындан сырткары, Netflix сервиси Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам Россиянын аймагында ишин токтотууну чечкенин маалымдаган.
Буга чейин Netflix россиялык кинопроектилерди сервисине чыгарууга чек койгон эле.
Mastercard системасынын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0