Ракты алдын алат. Помидордун пайдалуу касиеттери айтылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПомидорлор. Архив
Помидорлор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Жазылуу
Жашылчанын курамында В, Е, С сыяктуу витаминдер, кальций, жез, магний, клетчатка жана пектин бар.
БИШКЕК, 8-мар. – Sputnik. Помидор антиоксидантка бай келип, ракты алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу Португалиянын саламаттык сактоо жаатындагы инновация жана изилдөө институтуна таянып РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, помидордун курамындагы ликопин аттуу зат абдан пайдалуу жана анда антиоксидант көп.
"Ликопин онкологиялык илдеттерди алдын алууга керек. Ал өзгөчө иштетилген помидордо көп кездешет. Маселен, соуста, помидор ширесинде. Мындан тышкары, анын курамында В, Е, С сыяктуу витаминдер, кальций, жез, магний, клетчатка жана пектин бар", — деп айтылат маалыматта.
Аталган жашылча сезгенүү ооруларын алдын алуу касиетине да ээ экени кошумчаланды.
Прием таблеток - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Рактын өрчүп кетишин 91 пайызга арттырган кошулма тууралуу адис айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0