Чукул кабар! Доллар 103 сомго чыкты

© Sputnik / Нина ЗотинаЕвро жана АКШ доллар купюралары. Архив
Евро жана АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
24-февралда өлкөдө доллар 10 сомго чейин кымбаттап 95ке жеткен. Андан соң акырындык менен түшө баштаган болчу. Соңку күндөрү 98 сомго чейин көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте АКШ акчасынын баасы көтөрүлүп отуруп, ушул сааттарда аны сатуу 103 сомго жетти.
Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө бир катар ири банктар менен акча алмаштыруу жайлары аны 98,50 - 99 сомдон сатып алып, 101 сомдон 103 сомго чейин сатып жатышат.
Белгилей кетсек, 24-февралда өлкөдө доллар 10 сомго кымбаттап, 95ке чейин жеткен. Андан соң акырындык менен түшө баштаган. Бүгүн эртең менен 98,50 сомдон сатылып жаткан.
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Ассоциация: сомдун кунунун түшүшү күйүүчү майды дагы кымбаттатышы мүмкүн
Өсүмдүк майын чыгаруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Кыргызстан өсүмдүк май импортунан көз каранды. Өндүрүшчүлөрдө түшүм кандай?
Жаңылыктар түрмөгү
0