Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Евробиримдик: Россияга каршы санкциялардын жогорку чегине жеттик

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвропа биримдиктин желектери. Архив
Европа биримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Дипломаттын айтымында, Батыштын санкциялары рублдин 40 пайызга түшүп кетишине алып келди. Экономиканын экспорт, өнөр жай сыяктуу тармактары өзгөчө жабыр тартууда.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Европа биримдиги Россияга каршы финансылык санкциялар боюнча өз мүмкүнчүлүгүнүн жогорку чегине жетти. Бул тууралуу ЕБдин дипломатия боюнча башчысы Жозеп Боррелге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Финансылык санкциялар тууралуу айтсам, албетте, чектөөлөрдү үстү-үстүнө киргизе берсе болот. Бирок биз чегине жеттик, колубуздан келген нерсенин бардыгын кылдык", — деди Боррель журналисттерге берген маегинде.
Анын айтымында, Батыштын санкциялары рублдин 40 пайызга түшүп кетишине алып келди. Экономиканын экспорт, өнөр жай сыяктуу тармактары өзгөчө жабыр тартууда.
Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Россияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Атургай айрым өлкөлөр Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Россиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия — Украина чырынын башы кайда жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0