Күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу. Архив
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
14-15-мартта абанын температурасы төмөндөп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болот.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 11-марттан тарта абанын температурасы төмөндөй турганын айтып, шашылыш билдирүү таратты.
Билдирмеге караганда, 15-мартка чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерде жаан катуу жаашы ыктымал.
"14-15-мартта абанын температурасы төмөндөп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ мындай өзгөрмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертти.
Автоунаалар туман учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Туман түшөт, сак болгула! Кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0