Кыргызстандын Улуттук банкы өз акчасынын кунун дагы жогорулатты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Улуттук банкы. Архив
Кыргызстандын Улуттук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландалган отуруму 2022-жылдын 25-апрелинде өтөт.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-мартта, эсептик ченди 10 пайыздан 14 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынганын жарыялады.
1-марттан тарта эсептик чен 8,5 пайыздан 10 пайызга өскөн. Ал эми 10-мартта өткөн пландан тышкаркы жыйында 14 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынып, документ бүгүндөн тарта күчүнө кирди.
"Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда Россияга карата киргизилген санкциялардан улам фундаменталдуу факторлор менен шартталган алмашуу курсунун улам өзгөрүп жатканы байкалууда. Бир доллар 116-120 рублга жетти. Кыргызстандын соода жүргүзүү жана акча которуулар жаатындагы өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз экономикалык байланышын, ошондой эле тышкы чөйрөдө улам күч алган белгисиздикти эске алганда, биздин өлкөнүн валюта рыногундагы басым сакталууда", — деп айтылат маалыматта.
Өз тарабынан Улуттук банк тышкы чөйрөдө жана ички валюта рыногунда түптөлүп жаткан жагдайга кылдат көз салып турат, зарылчылык келип чыккан учурда, тиешелүү чараларды колдонот. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында, Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүп жатат. Ошондой эле бардык зарыл болгон жөнгө салуу каражаттарын колдонууга киргизет.
"Тышкы чөйрөдөгү өнүгүүнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу максатында кабыл алынды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландалган отуруму 2022-жылдын 25-апрелинде өтөт.
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Кээ бир банктар депозиттин пайыз ченин көбөйттү. Кредит эми кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0