Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоодо жаап жаткан жамгыр. Архив
Тоодо жаап жаткан жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
11-мартта күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жума күнү республиканын тоолуу өрөөндөрүндө жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл чөлкөмүндө + 8…+13, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15 жана Ош калаасында +15…+17 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0