РФ канттын экспортун токтотууну пландоодо. КР шекерди кайдан алып келген

© Sputnik / Роман Демьяненко / Медиабанкка өтүүКант. Архив
Кант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Жазылуу
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен гана берилип турмакчы.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия ушул жылдын 31-августуна чейин өз аймагынан кумшекер алып чыгууга тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен гана берилип турмакчы.
Буга чейин Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн кант муктаждыктын 56 пайызын гана жабарын айтып келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөгө 49 миң тонна кант алып келинген.
Импортчулар:
Россия — 24,3 миң тонна;
Бразилия — дээрлик 10 миң тонна;
Азербайжан — 7 миң тонна;
Казакстан — 4,6 миң тонна;
Беларусь — 1,9 миң тонна.
Ош базарындагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Кумшекер, өсүмдүк майы кымбаттады. Бишкектин базарындагы баалар
Жаңылыктар түрмөгү
0