Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБишкек мэрине жаңы орун басар болуп дайындалган Бактыбек Абдиев.Архивдик сүрөт
Бишкек мэрине жаңы орун басар болуп дайындалган Бактыбек Абдиев.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Жаңы жеткечилерди дайындоо боюнча буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-март күнү кол койду.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек мэрине жаңы орун басар болуп Бактыбек Абдиев дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мындай буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-март күнү кол койду.
Абдиев буга чейин Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде, "Бишкек башкы архитектура" мекемесинде эмгектенген.
Ошондой эле Свердлов жана Октябрь райондорунун башчылары алмашты. Свердлов районун Бахтияр Карымшаковдун ордуна эми Максатбек Саргазаков жетектейт. Ал эми Октябрь районун жетекчилигине Азамат Дороев дайындалды. Мурда бул кызматты Мирлан Эшкожоев аркалаган.
Депутат Равшан Сабиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Инвестициялар агенттиги "улуттук" макамын алып, Равшанбек Сабиров жетекчи болду
Жаңылыктар түрмөгү
0