Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Элкарт" улуттук төлөм тутуму жана акча. Архивдик сүрөт
Элкарт улуттук төлөм тутуму жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Болжолдуу тобокелдиктерди басаңдатуу максатында өлкөнүн каржылык жөнгө салуучусу Visa жана Mastercard пайдалангандарга өлкө ичиндеги операцияларды жүргүзүү үчүн кошумча "Элкарт" да ачууну сунуштады.
Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун картасын алууга кеңеш берди. Кокус россиялык процессингдик борборлорго санкция салынып калса, аларда тейленген өлкөдөгү бир нече банктын Visa жана Mastercard карталарынын ээлерине башка банктардын инфраструктурасында (банкомат, POS-терминалдар) кызмат көрсөтүлбөй калат.
Аларды тейлөө ошол банктардын гана филиал/сактык кассаларында жүргүзүлөт. Ошол себептен мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында Улуттук банк аталган картаны пайдалангандарга өлкө аймагындагы төлөмдөр үчүн кошумча "Элкарт" алууну сунуштайт.
Анткени рыноктун катышуучуларынын байланыш каналдары катары жергиликтүү коммуникациялык тейлөө провайдерлери колдонулат. Ал эми "Элкарт" менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо Кыргызстандын аймагында жүргүзүлөт.
Ушундан улам аталган карта туурасындагы эң маанилүү суроолорго жооп топтодук. Маалыматтардын басымдуу бөлүгү "Банктар аралык процессингдик борбору" жабык акционердик коомунун сайтынан алынды.

"Элкарт" деген эмне?

Visa жана Mastercard сымал эле төлөм тутуму, бирок бул — кыргызстандык карта. Аны менен ата мекендик банктар иш алып барат.

Өлкөнүн кайсы банктарында "Элкарт" ачтырууга болот?

Республикадагы 22 банктын жыйырма биринде бул картаны ачууга болот. Тизмесин бул шилтеме аркылуу табасыз.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Элкарт" улуттук төлөм тутуму
Национальная платежная система Элкарт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Элкарт" улуттук төлөм тутуму

Кыргызстандыктардын канчасы бул картаны колдонот?

Бир жылдай убакыт мурун 2 миллион чакты "Элкарт" айлантууда экени белгилүү болчу. Бул өлкөдөгү төлөм карталарынын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбүн түзөт.

Картадан накталай акча алууда комиссия акысы кандай?

Кыргызстандагы бардык, анын ичинде сиз тейленбеген банктардын түзүлүштөрүнөн "Элкарттан" накталай акча алууда 0дөн 0,6 пайызга чейин комиссия кармалат.

Жоголгон же уурдалган картаны кайра кантип жасатууга болот?

Кайсы банктан ачтырсаңыз, ошол каржылык мекемеге кайрылуу керек. Адистер сизге андан аркы кадамдарды түшүндүрүп берет.

"Элкарттан" ушундай эле картага акча которулабы?

Банкоматтар аркылуу CardEX акча которуу кызматынан пайдалана аласыз (башкысы, банкоматта ушул функционал болушу шарт). Мындан тышкары, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемеси бар, аны Play Market же App Store аянтчасынан акысыз көчүрүп алууга болот.

"Элкарт Мобайлды" кантип кошуп алуу абзел?

Картаны туташтыруу үчүн алдын ала катталуу зарыл. Бул максатта баланста азыраак суммага бөгөт коюлат, аны каттоодо көрсөткөнүңүз – карта чындап сизге таандык экенин тастыктаганыңыз.

Канча суммага бөгөт коюлганын кантип билүү керек?

интернет-банкинг;
эгер кошуп алган болсоңуз SMS-маалымдама кызматы;
банкоматтан картаңыз боюнча кичи көчүрмө талабы аркылуу.
Элкарт улуттук төлөм системасы багытынын жетекчиси Айбек Ойтпаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Радио
Ойтпаев: улуттук төлөм системасынын карталарын калктын 61%ы колдонот

"Элкарт Мобайлдын" артыкчылыктары кандай?

Тиркеме аркылуу заматта акча которуу, төлөмдөрдү төгүү, шаблон түзүп алып, мурда төлөө таржымалын да кароо, ошондой эле баланстын абалын текшерүүгө болот.

"Элкарт Мобайл" боюнча акча которуу акысы канча?

"Элкарттан" ушундай эле картага акча которуу акысыз.

Дагы кандай артыкчылыгы бар?

2020-жылдан тарта россиялык "Мир" төлөм картасынан акча которууга мүмкүндүк берген P2P которуулар (жеке жактардын ортосунда карта аркылуу жүргүзүлөт) долбоору ишке кирген.

"Элкарт" менен контактысыз төлөөгө шарт барбы?

КР Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү 15 коммерциялык банк контактысыз төлөм технологиясы менен "Элкарт" чыгарат ("Элкарт NFC"/"Элкарт Бесконтакт").

Мультивалюталык карта ачтырууга болобу?

Ооба, ачылат.

"Элкарт" боюнча кеңири маалыматты кантип алууга болот?

Күнү-түнү колдоо кызматынын номери — (0312) 63-76-96.
Рубль жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиядан Кыргызстанга же тескерисинче акчаны кантип жөнөтүү керек? УБдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0