MegaCom компаниясынын экс-жетекчиси Акылбек Жамангулов камакка алынды

© Фото / пресс-служба ЖК"Альфа Телеком" ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси Акылбек Жамангулов. Архив
Альфа Телеком ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Жамангулов 12-март күнү кармалганын Башкы прокуратура маалымдаган болчу.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту "Альфа Телеком" ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.
Эскерте кетсек, Жамангулов 12-март күнү кармалганын Башкы прокуратура маалымдаган болчу.
Ал бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө. Соттун чечими менен Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАМКтын № 21 мекемесинде 12-майга чейин кармалары айтылды.
Жамангулов аталган компанияны 2018-жылдан 2021-жылга чейин жетектеп келген. Былтыркы жылдын март айында жумуштан кеткен. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.
Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0