Вирусолог Нурматов өлкөдө COVID оорусу эмнеге азайганын айтып берди

© AFP / PASCAL POCHARD-CASABIANCAМедициналык кызматкер жана COVID менен ооруган бейтап ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер жана COVID менен ооруган бейтап ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, дүйнөдө COVID инфекциясынын төртүнчү толкуну аяктай элек, бирок Кыргызстанда ооругандардын саны азайып баратат.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өлкөдө жана дүйнөдө коронавирустун таралышы боюнча азыркы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Вирустук инфекцияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековВирустук инфекцияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов
Руководитель Научно-практического центра контроля вирусных инфекций Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Вирустук инфекцияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов
Ал белгилегендей, дүйнөдө COVID инфекциясынын төртүнчү толкуну аяктай элек, бирок Кыргызстанда ооругандардын саны азайып баратат.
"Ар бир вирус чөйрөгө ылайыкташканга аракет кылат, тагыраагы, мутацияланат. Мында өлүм көрсөткүчү азаят, бирок жуктургандар көп болот. Омикрон бул гипотезаны бекемдеди", — деди медик.
Дарыгердин айтымында, вируска кабылган бейтаптардын 100 пайызынын 15 пайызы гана ооруканага жатууга аргасыз болгон, калганы ооруну жеңил көтөргөн.
"Биз азыр бейтаптар тууралуу маалыматтарды чогултуп, изилдөөнү аяктап калдык. Болжолдуу маалымат боюнча, өлкөдө бейтаптардын 85-90 пайызында коронавируска каршы иммунитет бар. Антитело иштелип чыкпаса дагы, иммундук эс-тутум сакталган. Бул киши вирус жуктурса деле ооруну жеңил көтөрөт дегенди билдирет. Бизде каза тапкандар адатта вакцина албагандар жана өнөкөт илдети барлар", — деди Нурматов.
Адис коронавирус кадимки курч кармаган вирустук инфекциялардын (КРВИ) катарын толукташы үчүн вакцинацияны улантуу керектигин белгиледи.
Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында бейтап менен палатада медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
COVID менен күрөшкөн медиктерге декабрь, январь айы үчүн компенсация төлөндү
Жаңылыктар түрмөгү
0