Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүк менен камсыздайт? Инфографика

Жазылуу
Акыркы күндөрү базардагы баалар кескин жогорулап, республика өзүн кайсы азык-түлүк менен толук камсыздайт деген суроо күч болуп турат. Sputnik Кыргызстан аларды тизмектеп берет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна тогуз продукция кирет. Кыргызстан анын үчөөсү менен гана өзүн камсыздайт. Ага сүт, жашылча, картошка кирет. Калган алтоо — эт, жумуртка, тоок эти, буудай, өсүмдүк майы, кант дефицит. Ошондуктан башка жактан импорттолот.
Мисалы, этти көп жейбиз деген Кыргызстанда бир жылга 408,9 миң тонна эт керектелет. Бирок республикада 278,8 миң тонна эле өндүрүлүп, 130,1 тонна эт жетишсиз.
Ошондой эле өсүмдүк майы менен өзүбүздү 11,7 пайызга гана камсыздайбыз.
Ал эми жашылча, картошка, сүт азыктары керектелүүчү көлөмдөн ашыкча өндүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0