Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңишке жетти

© AP Photo / Alexander VershininСердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт
Сердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Түркмөнстандын президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Түркмөнстандын президентин тандоо боюнча өткөн шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыкты. Бул туурасында өлкөнүн БШКсына таянуу менен РИА Новости жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясы ал шайлоочулардын 72,97 пайыз добушун алганын билдирген.
Белгилей кетсек, 12-мартта Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага калктын 97,12 пайызы катышты. Жалпысынан тогуз талапкер ат салышып, арасында учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов бар болчу.
Түркмөнстандын президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.
Түркмөнстан президентинин уулу Сердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0