Россияда Instagram социалдык тармагынын аналогу иштей баштайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Маалыматка караганда, ал алгач 28-мартта ачылып, Android жана iOS платформалары үчүн тиркемеси болот.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Апрелде Instagram социалдык тармагынын россиялык аналогу "Россграм" иштей баштайт. Бул тууралуу долбоордун "ВКонтакте" тармагындагы баракчасында айтылат.
Маалыматка караганда, ал алгач 28-мартта ачылып, Android жана iOS платформалары үчүн тиркемеси болот.

"Биринчи ага белгилүү блогерлер, демөөрчүлөр жана инвесторлор катталышат. Башка колдонуучулар үчүн социалдык тармак апрель айынан тарта жеткиликтүү болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Россиянын аймагында Instagram социалдык түйүнү жеткиликтүү болбой калган.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина, Батыш жана санкциялар... Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0