Токаев: ички душмандар туура эмес маалымат берген үчүн ЖККУга кайрылганбыз

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мамлекеттик төңкөрүшкө ички гана эмес, сырткы душмандар дагы даярданышкан.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ички душмандар мамлекеттик органдарга туура эмес маалымат жеткиргендиги үчүн Казакстандын бийлиги ЖККУга жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев парламентте сүйлөп жатып айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Токаевдин айтымында, мамлекеттик төңкөрүшкө ички гана эмес, сырткы душмандар дагы даярданышкан.
"Алар президентти кызматынан алып түшүүгө аракет кылышкан. Эң катаал учурда мен ар дайым эл менен болорумду айттым", — деди Токаев.
Ошондой эле ал күч органдары башка бирөөлөр менен сүйлөшүп алган деп айтылып жаткан маалымат текшерилүүдө.
"Мамлекет бийлигин алып түшүү, жергиликтүү жана дүйнө коомчулугунун алдында кадыр-баркын кетирүү боюнча масштабдуу операция даярдалып, ийне-жибине чейин ойлонулган. Мен январдагы окуяларга тиешеси бар кишилер, ээлеген кызматы, азыркы позициясына карабай жазасын алат деп сөз берем", — деди президент.
Эске салсак, Казакстандагы январь окуялары учурунда 230 киши каза болгон. Ал учурда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган. Анын улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде ЖККУ тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Анын алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн.
ЖККУ аскерлеринин Казакстандагы миссиясы 13-январда аяктап, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти 14-январда кайтып келген.
Казакстан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: Казакстан супер президенттик башкаруудан баш тартат
Жаңылыктар түрмөгү
0