Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыров: Батыш абалдан пайдаланып Россияга экономикалык согуш жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров Батыш өлкөлөрү санкциялар боюнча принципиалдуу позицияда болбой жатканын белгиледи.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы атайын операцияны шылтоолоп Россияга экономикалык согуш жарыялоодо. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абдыров: Батыш абалдан пайдаланып Россияга экономикалык согуш жарыялады
Анын айтымында, Россияга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилүүдө.
"Батыш мамлекеттеринин санкция киргизүүдө принципиалдуу позицияда болбой жатканы байкалууда. Алсак, энергетикалык ресурстарга санкция киргизилген жок. Мындан тышкары, банктарды SWIFT системасынан өчүрүп, бирок газ, күйүүчү май менен иштегендерине уруксат берип коюшту. Батыш мамлекеттери учурдагы Украинадагы атайын операцияны шылтоолоп Россияга экономикалык согуш жарыялаганы көрүнүп калды. Мындан карапайым эл дагы жабыр тартууда. Украинаны ушуга чейин алып келишкени деле туура эмес. Буга чейин болуп көрбөгөндөй чектөөлөр киргизилүүдө. Учурда дүйнө глобалдашып кеткен. Мындай жагдайда мурдагыдай бөгөттөр коюлса деле абалдан чыгуу жолдору табылат. Азыр Россияга кыйын болуп жатат, бирок бул татаал жагдай 7-8 айга чейин эле созулат. Анткени Россия Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттер менен экономикалык байланыштарын бекемдей алат", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында Кытай, Индия жана башка мамлекеттер менен соода жүргүзүүгө жол ачыларын айтып, Кыргызстан өндүрүштү жолго салышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0