Бүгүн-эртең Бишкектин чок ортосундагы көчөлөр жабылат

© Sputnik / Эркин СадыковБишкектин борбордук аянтындагы көчөлөрдүн жабылуусу
Бишкектин борбордук аянтындагы көчөлөрдүн жабылуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Жазылуу
Мындай чектөөлөр Нооруз майрамына карата киргизилүүдө.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн-эртең Бишкектин борбордук аянтындагы көчөлөр жабылат. Бул туурасында Кайгуул милициянын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 20-мартта, "Ала-Тоо" аянты жана Эски аянттын Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү саат 13:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Бул учурда Нооруз майрамына карата өтчү иш-чарага даярдык көрүлөт.
Ал эми эртең таңкы саат 05:00дөн 22-марттын 1:00үнө чейин калаанын чок ортосунан машина менен өтүүгө чектөө киргизилет.
Ала-Тоо аянтында милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Нооруз майрамында милиция элди "Ала-Тоо" аянтына текшерип киргизет
Жаңылыктар түрмөгү
0