Түптө көк бөрү учурунда аттан жыгылып 32 жаштагы улакчы каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү оюну. Иллюстративдик сүрөт
Көк-бөрү оюну. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Жазылуу
Улакчы жыгылганда башына аттын туягы тийгени айтылууда.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түп районунда көк бөрү ойноп жатып аттан жыгылган 32 жаштагы улакчы көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышова билдирди.
Кырсык 18-март күнү болжол менен саат 17:00дө Кичи-Өрүктү айылында болгон. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ушул эле айылдын тургуну Р. А. оюн учурунда жыгылганда башына аттын туягы тийген. Аны райондук ооруканага алып келгенде дарыгерлер операция жасоо талап кылынарын айтышкан. Мындан улам жаракат алган улакчыны облустук ооруканага жөнөтүшүп, ал жерден операция жасалган. Тилекке каршы, 19-мартка караган түнү улакчы каза болгон.
Маркумдун артында жубайы жана бир кызы калганы айтылды.
Жол кырсыкка түшкөн жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Оңдоп жаткан. Караколдо оор жүк ташуучу унаа басып калган киши көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0