Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенде тосуп жатканынын себебин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Баткен шаарында
Президент Садыр Жапаров Баткен шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жазылуу
Учурда Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал 20-март күнү аты өзгөртүлгөн Раззаков шаарынын кире беришиндеги жазуунун ачылышына катышканын айтты.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен шаарындагы Нооруз майрамына арналган салтанатта сүйлөп жатып, эмне себептен бул майрамды баткендиктер менен өткөрүүнү чечкенин түшүндүрдү.
"Эмне себептен Нооруз майрамын Баткенде тосууну чечтим? Биздин мамлекеттин чек арасы дал ушул Айгүл гүлү гүлдөгөн Баткен жергебизден башталат. Бул ыйык жерде тарыхта аты калган Алымкул Аталык, Болот хан, Исхак Асан уулу, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Молдо Нияз, Тургунбай Садыков, Мурза Гапаров сыяктуу бир топ чыгаандардын киндик каны тамган", — деди президент.
Ошондой эле ал 20-март күнү аты өзгөртүлгөн Раззаков шаарынын кире беришиндеги жазуунун ачылышына катышканын айтты.
"Исфана шаарынын аталышын өзгөртүп, айтылуу коомдук ишмер Исхак Раззаковдун атын бердик. Ал кишинин "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!" деген сөзү азыркы заманда мекенге ак ниет кызмат кылуунун урааны болуп калды", — деди Жапаров.
Мындан тышкары, ал Баткенге облус макамы берилгени менен иш аягына чыгарылбай, буга чейин трагедиялуу окуялар болгонун эске салып, мындан ары көптөгөн иштер аткарыларын кошумчалады.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Ноорузду майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Бүгүн кайда эс аласыз? Ноорузга карата өтчү майрамдык иш-чаралардын тизмеси
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул күндөрү Баткен облусунда иш сапар менен жүрөт. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Ыр жаңырган өрүкзар, эл менен кошулуп сүмөлөк кайнаткан Жапаровдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0