Жыл башынан бери Кыргызстанда акчанын көлөмү миллиард сомго азайды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жаткан. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жыл башынан тарта 1-мартка чейин Кыргызстанда акча базасынын көлөмү бир топ азайып кетти.
Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча абал төмөнкүдөй:
акча базасынын көлөмү 147 миллиард 760,1 миллион сом (жыл башында — 156,9 миллиард болчу);
кеңири аныктамадагы акча базасы — 156 миллиард 896,6 миллион (жыл башында — 173,5 миллиарддан жогору болчу);
жүгүртүүдөгү акча — 128 миллиард 881,5 миллион сом (жыл башында — 139,9 миллиард сом).
Белгилей кетсек, соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жаткан. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.
Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;
акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;
кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Кыргызстандын кайсы банктарында кандай валюта менен депозит ачса болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0